www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Түштүк Кореядан эки жүк ташуучу тик учак сатып алууну карап жатат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетoв Sputnik агенттигинде өткөн брифингде билдирди.

Азамат Мамбетов анда жаңы тик учактар куткаруу бөлүмдөрүнүн ыкчамдыгын арттырып, алыскы жана барууга кыйын аймактарга гуманитардык, материалдык-техникалык жүктөрдү жеткирүүнү жеңилдетерин белгилеген.

Учурда ведомстводо үч аскердик тик учак бар.

“Акыркы беш жылда министрлик 7 млрд сомдон ашык каражатка 670 даана техника сатып алган. Эми дагы эки тик учак алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө”, - деген ал.

Последние новости