www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте кооптуу аймакта жашаган эл менен жолугуп, коопсуз аймакка көчүп чыгуу боюнча эскертме беришти.
Белгилей кетсек, район аймагында 768 үй-бүлө жер көчкү жүргөн кооптуу аймакта жашап келет. Жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн башка аймакка көчүрүү тапшырмасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана айыл аймак башчыларына жүктөлүп, жакынкы аралыкта көчүрүп чыгуу аракети колго алынат.
Булак: NazarNews.kg