www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин 10 миң доллардан ашык накталай акчаны өлкөдөн алып чыгууга тыюу салды. Мындай жарлык 1-мартта Кремлдин сайтында жарыяланды.

Маалым болгондой, бул чектөө 2-марттан тарта күчүнө кирет. Буга чейин өлкөдөн 10 миң доллардан ашык каражат алып чыгуу үчүн декларация жазуу жетиштүү болчу.

Жарлыкка ылайык, «дос эмес өлкөлөрдүн» жарандарына жана алар көзөмөлдөгөн түзүмдөргө баалуу кагаздарды жана кыймылсыз мүлктү сатууга же сатып алууга да тыюу салынат. Ошондой эле, аларга чет өлкөлүк инвестицияларды көзөмөлдөө боюнча өкмөттүк комиссиянын макулдугу жок рубль түрүндө кредит берилбейт.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Алты күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоону жана бомбалоону улантууда. Буга байланыштуу Батыш өлкөлөрү Орусияга бир катар санкция жарыялады. Мындан улам орус валютасынын куну кескин төмөндөп кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости