www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Кыргызстанда отун-энергетикалык абал оор. Суу жок, көмүр тартыш. Өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат дегендей кыйын кырдаал. 

Бийлик Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү аз болгондуктан быйыл электр энергиясын үнөмдөгүлө, лимиттен ашкандардын свети өчөт деп коңгуроо кагууда. Бишкек шаарынын жетекчилиги, Кара-Кеченин көмүрүн жакпагыла, ыш-түтүн басат деп дөөрүп жатат. 

Мына ушундай шартта, бийлик Кытайга, Өзбекстанга көмүр кендерин берип жатат. Өзүбүздө тартыш болуп жатканда чет өлкөгө иштеткиле деген саясат канчалык туура? 

Айталы, Кытай менен Өзбекстандык компаниялар биргелешип көмүр казуу максатында Кыргызстандын кендерине инвестиция салышууда деп сүйүнчү айтылууда. Кытай 5 көмүр кенин, Өзбекстан 2-3 көмүр кенин иштетмей болуп жатат. 

Учурда Кыргызстандагы 2-3 кен боюнча Өзбекстандын компаниясы менен "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Алар 10 миллион долларга жакын инвестиция салууга даяр имиш. Уруксат берүүчү документтер менен байланышкан маселелер чечилери менен бардык процедуралар аткарылып бүтсө, көмүр казууга киришет экен. 

Айтор, быйыл көмүрдүн баасы асманга чыгаарын сезген Өзбек бийлиги Кыргызстандын Баткен аймагынан көмүр шахтасын ачканы турат. Өкүнүчтүүсү, Кыргызстандын үлүшү баягы эле азчылык 40%, ал эми Өзбекстандыкы 60% болот экен. Эми ушул кантип болсун? Кен байлыкта инвестор менен биргелешип иштетүүдө Кыргызстандын пайызы 70% кем болбошу керек. Башкаруу жагын Кыргызстан өзү алышы керек. Бул мамлекетибиздин коопсуздугу жана кызыкчылыгы... Тилекке каршы, бизде баары тескери. Баса, Баткен облусу көмүрдү Өзбекстанга экспорттоп жан багып келишкен. Эми Баткендин киреше булагы азайбайт деген кепилдик жок.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости