www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окуу жылы башталганына 5 күн болду, бирок ата-эенелер базарларда балдарына китеп издеп жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева билдирди.
Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлиги китеп менен камсыз болуу 80,51% деп берген, бирок чындыгына келгенде бир үй-бүлөдө балдарына 10 миң сомго чейин китеп алып бергендер бар.
“Базарларда китеп издеп паникага түшкөн ата-энелерди көрөсүң. Баш мыйзамга билим берүү бекер деп эмне үчүн жазып коебуз. Китептин камсыздалышы боюнча көйгөй өтө чоң болуп жатат. Китеп мафиясы боюнча учурунда министрлерге иш козголгон. Жеке типографиялар менен келишип алып, ошол мафия бүгүнкү күнгө чейин токтобой келе жатат. Бул саясатты жөнгө салыш керек, Акылбек Үсөнбековичке кайрылат элем. Китеп мафиясын жолго салыш керек. Ата-энелердин чөнтөгүнө күч келип жатат. 10 миң сомго китеп алат деген эмне? Бир үй-бүлөдө 4-5тен баласы бар...”,-дейт эл өкүлү.
Ошондой эле, депутат бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 7 миллион китеп жетишпей жатканын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg