www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Август айына карата Россиянын "кара тизмесине" кирген кыргыз жарандарынын саны 47 миң 989 адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка караганда, бул июнь айына салыштырмалуу 4355 кишиге көп.

Мекеменин маалыматына караганда, бул убакыт аралыгында депортация болгондордун саны белгисиз.

Быйыл майда Россиянын “кара тизмесинен” 45 миңден ашык кыргызстандык чыгарылганын, 43 миң 634 жаран тизмеде экенин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирген.

Миграция тууралуу маалыматтарды берүү үчүн “Манас” аэропортунда эки, Бишкек жана Ош шаарларында бирден түйүн ачылган.

Августтун аягында Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Россиянын адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен Москвада жолугушкан учурда мигранттар маселесин көтөргөн.

Жаманбаева Россиядагы кыргызстандыктар жашаган жерине каттоого туруу, медициналык камсыздандыруу, “кара тизмеден” чыгуу, балдарын мектепке окутуу сыяктуу маселелерге туш болуп жатканын айткан. Айрым учурда эмгек укуктары корголбой, орой мамилеге кабылып жатканын белгилеген.

Россияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгектенип жүрөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости