www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президентинин администрациясы Киевге байытылган ураны бар снаряддарды берүүнү чечип, бүтүндөй бир муундун тамырына балта чаап жатат. Бул тууралуу Россиянын АКШдагы элчилигинен айтканын РИА Новости жазды.

"АКШ президентинин администрациясынын Киевге байытылган ураны бар снаряддарды берүү чечими адамгерчиликсиздиктин белгиси. Россияны "зыянга учураткан" сокку урабыз деген идеяга жетеленип алган Вашингтон акыркы украиналык калгыча согуш жүргүзүп тим болбостон, бүтүндөй бир муундун тамырына балта чаап жатат", — деп айтылат дипмиссиянын билдирүүсүндө.

Дипломаттар "тандабай бүлгүнгө учураткан бул куралды АКШ билип туруп эле берип" жатканын белгилешти. Элчилик Америка куралдардын кесепети туурасында жакшы маалымдар деп эсептейт.

"Жарылгандан кийин жылып жүргөн радиактивдүү булуттар пайда болот. Урандын майда бөлүкчөлөрү дем алуу органдарына, өпкөгө, кызыл өңгөчкө туруп калат, боор менен бөйрөккө топтолот, залалдуу шишиктердин пайда болушун шарттап, бардык органдардын ишин жарактан чыгарып, кыйнайт", — дешти дипломаттар.

Алар мындай снаряддардын Иракта, Балканда колдонулгандыгын жана анын кесепетин белгилешкен.

"АКШ Киевди мындай курал менен жабдууда өзүн-өзү алдап, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулунун ийгиликсиз болгонун мойнуна алгысы келбей жатат. Атайын операциянын жүрүшү өзгөрбөйт: Россиянын армиясы Зеленскийдин режимине берилген куралдарды маал-маалы менен таш-талканын чыгарууну улантууда", — деп жазылган билдирүүдө.

Элчиликтен "администрация өзүнүн чыныгы жүзүн ачып берип жатканын, ага Украинанын жана Европадагы коңшуларынын азыркы жана кийинки тагдыры АКШга баары бир экенин" айтышты.

Шаршембиде Пентагон Abrams танкалары үчүн байытылган урандуу снаряддарды АКШнын Украинага каралган 175 миллион доллардык жаңы жардамынын алкагында бере тургандыгын "сүйүнчүлөгөн".

АКШ Украинага мындай курал берерин жар салган экинчи өлкө болуп калды. Мартта Улуу Британиянын коргоо министри Аннабель Голди Киевге бул типтеги октор жөнөтүлөрү боюнча план менен бөлүшкөн эле. Алар Challenger 2 танкаларына салынарын айтышкан.

Россия президенти Владимир Путин аталган снаряддар радиациялык чаңды жаратып, жерди булгаарын, адамзаттын өмүрүнө кооптуулук жаратып, кесепетин тийгизерин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости