www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-спикер Примовдун атасынын көмүр ишканасы «Пэрити Коал» жылына 500 000 тонна көмүр казып 750 млн сом же 10 млн доллар табат, кызыгы баласынын депутаттыгына таянып 84 млн сомду же тапканын ондон бирин төгүмүш болот.

Эч өзгөрүү жок, Оштун пири Примов учурунда Атамбаевге, анын хамалеончо кубулуп Жээнбековго талталаңдап жүргөн. Парламенттик шайлоо болуп өттү. Мыкты партиялар бутунан чалынып, тоголонуп күп-күп түштү.

Эс тутумун «Эстакаданы» эзүү кирген Айтмамат Кадырбаев күп жыгылды, ал эми 28 миллион сомдук тендерди мээлеген Улан Примов кайрадан бийликке келди. Кадырбаевден айырмаланып Ошко «пир» болуп барган Примов Жогорку Кеңештин СДПК фракциясында чимкиригин аарчый албай депутат болгон.

Анын атасы Бердибай Примовдун наамына катталган «Пэрити Коал» ЖЧКсы жүзүн элге эмес, акчага, миллиондорго буруп турганы айдан-ачык. Болбосо, мурунку Ош спикери, СДПК фракциясынан парламент депутаты, эми кайрадан вице- спикер болгон Примов таза болсо мынчалык катуу дүң болбойт эле.

Балким, анын «Пэрити Коал» 2013-2014 -жылдары көмүр боюнча өткөрүлгөн жалпы саны 28 миллион 28 миң сомдук 8 тендерди утуп албас беле. Оштун «тендербайы» Алай районундагы айрым айыл өкмөттөрүндө, Түштүк-Батыш бажысында, «Ошжылуулуктүйүнү» муниципалдык ишканасында, Мамлекеттик Бажы кызматынын алдындагы бажы инфраструктурасы Борборунда жеңишке жетишкени оозду ачырат.

Улан Примов Оштун шаардык Кеңешин мыкчып турган 2014 жылы «Пэрити Коал» ЖЧКсы жети тендерди утуп алганы эмнени билдирет? 2015-жылы Улан Примов ЖКга депутат болуп турганда Кадамжай районундагы Майдан айылындагы «Бел-Алма» көмүр кениндеги чырлуу иштерге катышып, өзүнүн өнөрүн көрсөткөн.

Ал 1 миллион 70 миң сомун чачып лицензия алууга жетишкен «Беш-Арча» ЖЧКсын күн жарыкта «сокур» кылып, кызматына кыянаттык менен таянып, ордун тартып алган. Албетте, көмүр дегенде чалкалап жата калып, миллиондор менен ар кимди акырекке чаап, Ош Кеңешине кайрадан «спикер» болгон Улан Примов бүгүнкү замандын «күзгүсү» сыяктуу.

Акча дегенде акактап «аппетити» бузулган Оштун «тендербайы», Ош Кеңешинин «пири» Примов тууралуу айтыла турган булганыч кептер көп. Мейли, ал Ошту тегеретсин, бирок Ошту гана эмес Кыргызстанды тегереткен кишилер түш көрсө мекенин көрүп алыста эли -жерин сагынып жүрүшпөйбү? Көмүрдү «закуска» кылган Примов канчага чейин миллиондорду ашаар экен, ким билет?

Вице-спикер 150гө жакын оор жүк ташуучу унаасы менен Ош-Сарыташ-Карамык жолун талкаламай болгон. Примовдор көмүрдү эки цемент заводго ташып, анан Өзбекстанга дагы экспортко чыгарып жатат. Норма боюнча жүк ташуучу унаалардын 6 огу бары 44 тонна, 5 огу бар унаалар 38 тоннадан ашыкча жүк жүктөй албайт.

Улан Примовдун 150гө жакын оор жүк ташуучу унаасы Сары-Могол айылындагы көмүр кенден күн сайын кара алтынды ченемден ашыкча жүктөп ташыйт. Ош-Сарыташ-Карамык жолу 2-3 жылда толук жараксыз абалга келиши мүмкүн. Буга Жогорку Кеңештин вице-спикери Улан Примовдун атасы Бердибай Примовдун оор жүк таашуучу автоунаалары ченемден ашыкча жүк менен жүргөнү себеп болууда.

Ошондуктан эл аралык маанидеги жолдун абалы күндөн күнгө бузулуп жатат. Мындан улам, ал Примовдордон мыйзамсыз иштерин токтотуу зарыл болгон. Жолдун бузулушу боюнча бир канча далилдер бар. Талдык ашуусундагы жолдордун бузулуп кейиштүү абалда бара жатат. Бул барыш менен жакынкы эки үч жылда ошол Ош-Сарыташ-Карамык жолдору толук жараксыз абалга келиши мүмкүн.

Бүгүнкүдөй, мыйзам бузуулар, жолдун талаптарды аткарбай, чөнтөктөрдүн үстүндө иштеп жаткан аткаминерлердин абалына ошолордун жасап жаткан жоруктарына карап турсак жол жараксыз болуп калат. Эртең ошол жолдон Улан Примов эмес, бүтүндөй, Чоң-Алай, Алай, эли каттайт. Ал жакка көмүр бүткөндөн кийин Улан Примов басып деле барбайт.

Элдин келечегине элдин пайдаланып жаткан жолун сактоонун ордуна иш кылбай кайра талкалоонун ордунада иш жүргүзүп жатат. Ош-Сарыташ-Карамык жолунда Кытайдан келе жаткан жана Тажикстанга кетип жаткан оор жүк ташуучу унаалар дагы ченемден ашыкча жүк жүктөп, жолду бузуп жатат. Ошондой эле жүк ташуучу унааларды тарткан Оштогу тараза коррупциялык иштерди кылып жатканы чындык.

Талдык ашуусу «Ош Пирим Транстын» жүк ташуучу унаасына айланган. Көмүр ташыган «Пэрити-Коал»» жоопкерчилиги чектелген ишканасы жолду жеп бүттү. Ош аймактык автотранспорт башкармалыгы 2021-жылы жай мезгилинде ченемден ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларга 993 миң 500 сом айып пул салынганын билдирди. Андан кийин жаңы кодекстер киргизилип, айып пул салуучу мыйзамды өкмөт алып койгонун айткан.

Мурда токтом жазып туруп, эгер жүгү ашыкча 45 тонна жүк менен кетип жатса 10 миң сом айып пул бар эле. Анан жаңы кодексте ал беренени алып коюшту. Азыр эми штраф сала албай калышты. Бирок жакында кайрадан өкмөттө иштелип чыгып, кайрадан депутаттар ошону кайтарып берип жатат. Эми айып пул салына баштайт.

Өткөн “чимкирик” парламентте СДПК фракциясынын депутаты, эмки вице-спикер Улан Примовдун оюу боюнча бюджеттин кошумча булагы катары казинолорду кайра ачуу керек экен. Ал алыскы аймактарда жайгашып, чет өлкөлүктөрдү тартса болот деп күпүлдөп чыккан. Өкмөт башчы бюджетке кошумча каражат түшүп турганына каршы эместигин, бирок мурда депутаттар казиного тыюу салган мыйзам кабыл алганын эскерткен.

Анын пикиринде, ача турган болсок, мыйзам кабыл алып, маселе жаралбашы үчүн өлкөнүн жарандары ойной албагандай кылуу керек. Казинону ачам дегенде ак эткенден, так эткен Примов Дастан Жумабеков менен бирге казино үчүн туруп беришкен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости