www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын баш калаасы Москвада кечээ, 4-сентябрда Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюму, Шанхай кызматташтык уюму жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин биргелешкен жыйыны өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.

Орусия төрагалык кылган жыйынга Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев башында турган делегация да катышты.

Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына карата жыйынга чогулуу тууралуу демилге Орусияга тиешелүү.

Жыйында эл аралык, аймактык коопсуздук, коронавирус пандемиясынын жайылышына каршы күрөш талкууга алынды.

Жыйынтыгында Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдыгы боюнча биргелешкен коммюнике кабыл алынды. Аскердик тармактагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү багытында 15тен ашык чечимге кол коюлду.

Анда КМШ, ЖККУга мүчө мамлекеттер өз ара кызматташып, коопсуздукту камсыздоо тармагында иш-аракеттер ишке ашырыла турганы жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости