www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көпчүлүгүбүз сыртта убакыт өткөрүүнүн маанисин унутуп, ден соолукка берген пайдасын баалабай келебиз. Убактысынын көбүн кондиционер коюлган офистерде өткөргөн модерн коомдо организмибиз абадан алышы керек болгон пайдаларды ала албай, кир абада жашоого дуушар болот. Мындай абал организмдин таза, дени сак сакталышына тоскоолдук жаратат. Таза абанын ден соолукка пайдалуу касиеттери көп изилдөө эмгектеринде аныкталган. Ошолорго ылайык, төмөнкү маалыматтарды сунуштайбыз.

Таза абанын ден соолугубузга берген пайдалары:

Таза аба тамак сиңирүүнү жакшыртат;

Серотонинди арттырып, өзүбүздү бактылуу сезүүгө себепкер болот;

Иммундук системаны күчтөндүрөт;

Өпкөнү тазалап, энергия тартуулайт;

Акыл-эсти күчтүү кылат.

Канды тазалап, ага жаркыраган түс берет.

Күнүгө бираз күндүн нуру менен таза аба алуу организмди таза сактоо үчүн табылгыс дары болуп эсептелет.

Талаада ойноп, эшикте чоңойгон муун катары таза абанын бизге берген таасиринен аздыр-көптүр кабарыбыз бар. Тилекке каршы, ошол кездерде эшикте өткөргөн убакытты азыр ичте өткөрөбүз. Мектепте үйрөнгөндөй, бак-дарактар көмүр кычкыл газын кычкылтекке айландыруу үчүн фотосинтез процессинен өтүшөт. Өткөн жылы жасалган бир изилдөөдө бир жылдын ичинде бак-дарактардын натыйжасында 850 адам куткарылып, 650 миң дем алуу симптомдорунун алдын алышкан. Бак-дарактар абадагы кирди тазалап, өпкөбүздүн тынчсызданбоосун шарттайт. Изилдөөгө ылайык, бактар жараткан таза аба, абасы кир болгон шаардыктар үчүн абдан пайдалуу. Бак-дарактуу жерге баруу же жашоого мүмкүнчүлүк аз болсо, өсүмдүк же гөл өстүрүү дагы пайдасын берет.

Бираз убакыт сыртка чыгып келип, иштеп баштаганда башыңыз мурдагыдан жакшы иштеп, сергип калганыңызды өзүңүз деле байкайсыз. Анткени кычкылтек менен мээ бири-бири менен тыгыз байланышта. Көбүрөөк кычкылтек мээнин көбүрөөк функцияга ээ болушуна шарт түзүп, консентрация жөндөмүңүз артат. Энергияңыз көбөйөт.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости