www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КМШнын байкоочулар миссиясын Мамдума депутаты жетектейт

КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясы 7-12-январь күндөрү Кыргызстанда иш алып барат. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат кызматынан билдиришти.

Алар Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун чакыруусу менен Кыргызстанга келип, 10-январь күнү өтө турган президенттик шайлоонун жана референдумдун жүрүшүнө мониторинг жүргүзөт.

--"7-12-январь күндөрү атайын топ Кыргызстандын аймагында иштейт. Ал эми добуш берүү күнүндө топтун башка мүчөлөрү чет өлкөлөрдөгү добуш берүү участокторунда байкоочулук кылышат. Жалпысынын Кыргызстандагы шайлоого байкоочу болуу үчүн ассамблеянын 52 мүчөсү каттоодон өткөн", — деп айтылат билдирүүдө. 

Топтун координатору болуп РФ Мамлекеттик думасынын Коргоо боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, байкоочулар миссиясынын өкүлү Виктор Заварзин дайындалды.

Ошондой эле мониторинг жүргүзүү тобунун курамына Парламенттер аралык ассамблеянын Демократияны өнүктүрүү, парламентаризм жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын шайлоодогу укуктарын сактоо боюнча эл аралык институтунун өкүлдөрү менен Катчылык кеңешинин өкүлдөрү кирет.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg


 



 

Последние новости