www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Бабанов абиси АШАга кошулуп 2020-жылдын 9-октябрь күнү Ала-Тоо аянтында башаламандыкты уюштургандардын ана башы. Бирок оомат башка тарапка оогонун көрө коюп, бармагын тиштеп, ал 9-октябрь күнү башы пульт менен иштеп, өзү АШАнын роботуна айланып калганын жашырып, бул  үчүнчү күчтөрдүн чагымы болгон деп бет тырмарлык кылат. 2017-жылы азыркы президентке талапкерлердин бири Канат Исаев менен башаламандыкты уюштурам деп  камактан качып жүргөн. Ал ошол 2017-жылдагы президентке талапкер катары акчаны кайдан алган:

Биринчиден, 2017-жылы Кубаныч Кулматов башында, азыркы президентке талапкер Аймен Касенов төшүндө турган Орус-кыргыз өнүгүү фондунан мыйзамсыз «Азиямолль» супермаркетине шылтоолоп Бабанов 17 млн доллар насыя эң төмөнкү 4 пайыздык чекте алган. Элге болсо 20-30 пайыз менен берет да. Ортодогу пайда менен шайлоого каржы тапкан.

Экинчиден, мекенибиз Кыргызстан кыйынчылык тартып жатканда курсагы ток жигит Бабанов кимди ойлоду? Бабанов кыргыз, бирок энеси күрд. Ал ыраматылык Айдар Акаевге чөгөлөгөнгө чейин көп мүшкүл тарткан. Анын атасы Токтогул Бабанов компартиянын убагында чыныгы башкарма болгон. Күрддөрдө дүйнөнүн жүрөгүн алган РПК (Рабочий партия Күрдстана) деген партия бар.Кыргызсыңбы же башкасыңбы уруп ойнобойт. Күрддөр өздөрүнө жана жээндерине гана жардам берет. Жээни Бабановго күрддөрдөн жардам келсе керек.

Үчүнчүдөн, 2017-жылы сентябрда президенттик шайлоо алдында кылмыштуулар дүйнөсүнүн кримтөбөлдөрү Кыргызстанга Бабановду колдойбуз деп самсып келе баштаган. Кыргызстан КМШдагы демократиялуу жана ачык-айкын саясый системасы бар өлкө болуп саналат эмеспи. Ошону менен катар эле шайлоодо сырткы күчтөрдүн кийлигише кете турганы да маалим. Маселен, Казакстандын жараны, бизге токмоктук «граф» деген каймана ат менен таанымал олигарх Алижан Ибрагимов жана Россиянын чечен улутундагы бизнесмен-олигархы, Өмүрбек Бабановдун жардамы менен «Жерүй» алтын кенин өзүнүн көзөмөлүнө алууга жетишкен Муса Бажаев президенттик шайлоодо өздөрүнүн таасирин тийгизүүгө аракет кылышкан.

Бабановду колдоо үчүн 2017-жылдын сентябрында «Астана-Бишкек» түнкү рейси менен Казакстандын жараны Алижан Ибрагимов «Манас» эл аралык аэропортуна келген. Эми Ибрагимов тууралуу кыскача маалымат бере кетели. Ал 1953-жылы Өзбекстандын Фергана шаарында жарык дүйнөгө келген. Кийин Кыргызстандын Токмок шаарына көчүп келет. Учурда Казакстандын жараны, андан сырткары Улуу Британиянын да жарандыгын алган. «Евразиялык банк» АКСынын президенти, казакстандык ири ишкерлердин бири болуп саналат. Улуту боюнча уйгур.  

Анын артынан жеке менчик самолету менен Ысык-Көл облусунун Тамчы айылына Муса Бажаев келген. Бажаев 1966-жылы Чечен Республикасынын Грозный шаарында жарык дүйнөгө келген. «Группа Альянс» ААКсынын президенти, «Жерүй» алтын кенинде үлүшү бар. «Жерүй» алтын кени боюнча Ө. Бабанов менен М. Бажаевдин байланышы боюнча ММК беттеринде көп жазылды. Ошону менен катар «Альянс Алтын» ЖЧКсы Кыргызстанда 2015-жылы катталган. Анын негиздөөчүсү «Жерүй» алтын кенин иштетүү боюнча конкурста жеңишке жеткен «Восток-геолдобыча» ААКсы. Өз кезегинде «Восток-геолдобыча» М. Бажаевге тиешелүү болгон «Русская Платина» компаниясынын алдындагы фирма болуп саналат. Ошону менен бирге «Альянс Алтын» ЖЧКсынын 20% үлүшү Ө. Бабановго караштуу фирмага тиешелүү экенин маалымат каражаттары чуулдатканы чуулдаткан.

Бабанов менен жолугушууга М. Бажаев жалгыз келген эмес, аны менен чогуу миллиардер бизнесмендер Дагестан республикасынын Дербент шаарынын тургуну С. Керимов, Дагестан Республикасынын Махачкала шаарынын тургуну «Вимм-Билл-Данн» компаниясынын директорлор Ал кезде президенттикке талапкерлердин бири Өмүрбек Бабанов мындай жоругу менен Кыргызстандын Казакстан жана Орусия менен коңшулук, стратегиялык өнөктөштүк мамилесине доо кетире тургандай саясат жүргүзүп жаткан. Ал кезде орусиялык жана казакстандык олигархтар «кыргыздын Березовскийи жана Ходорковскийи» деп тааныган Ө. Бабановду түз каржылоого ниеттенгени эмнеден кабар берет? Эми окуяны андан ары улайлы. Ө. Бабанов менен олигархтардын жолугушуусу Ысык-Көл жээгиндеги пансионаттардын биринде өткөн. Бул пансионат А. Ибрагимовго тиешелүү деген кеп бар. Анда Бабановдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылоо маселеси көтөрүлгөн. Ал эми ага «ыраазычылык» катары Бабанов шайлоодон кийин аларга өлкөбүздөгү кен чыгуучу жайларга беш колдорун матырууга уруксат бермек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости