www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан күн ысыкта асфальт жолго чыккан оор жүк ташуучу унаалар токтотулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ал эми министрлик тартипти сактабаган айдоочуларга айып пулдар салынарын эскертет.

Белгилей кетсек, буга чейин салынган жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатында 1-июндан 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы 28 С жана андан жогору болгон учурда эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилгени эскертилген.

Бул чектөө:

— Жүргүнчү ташыган;

— Гуманитардык жардамды ташыган;

— Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган,

— Берилген атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдөгү жүктөрдү ташыган,

— Жол курууга жана оңдоого тартылган унааларга (берилген ордер боюнча) жайылтылбайт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан киргизилген чектөөнүн сакталышы көзөмөлгө алынып, текшерүү иштери 21 транспорттук көзөмөлдөө пунктунда жана 10 мобилдик топ аркылуу үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости