www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылык фактысы боюнча УКМКнын төрагасы К.Ташиевдин жакын тууганы кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Мамкомитет УКМК төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиевдин жакын тууганы – А.Т.О. аттуу бажасы өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча кармалганы тууралуу маалыматты коомчулукка жеткирүү зарыл деп эсептейт. 

"Тергөөнүн жүрүшүндө А.Т.О. Түркиянын жараны А. С. менен өз ара тил табышып, алдамчылык жана ишенимди кыянаттык менен пайдалануу жолу менен жергиликтүү ишкерлердин биринин ири суммадагы акча каражатын ээлеп алышкандыгы аныкталып, жабырлануучу тарап тиешелүү арыз менен УКМКга кайрылган.

 Мындан улам, жакын туугандык мамилелерге карабастан УКМК төрагасы К.Ташиев тарабынан бардык күнөөлүү адамдардын аракеттерине объективдүү иликтөө жүргүзүү жана юридикалык баа берүү тапшырмасы берилди.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында А.Т.О. жана А.С. кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, анын алкагында жабырлануучу тарапка келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

 Белгилей кетсек, УКМК мындай фактыларга бөгөт коюлуп, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазаланарын эскертет. Ошондой эле, жарандарды колдонуудагы мыйзамдардын алкагында зарыл чараларды көрүү үчүн атайын кызматка тиешелүү маалыматтарды билдирүүгө чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости