www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 115 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте – 66, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 42, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 3 кишиден илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 65 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 26, Чүй облусунда – 20, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда 3, Жалал-Абад облусунда – 3 жана Ысык-Көл облусунда – 10 киши айыкты.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2 адам каза болду.
Штабдан билдиришкендей, бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
«Пандемия башталгандан бери 4 миң 222 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты», - деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 652 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 339 киши айыгып чыкса, 1 миң 492 адам каза болду.
Булак: NazarNews.kg