www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкор-Ата шаары “Мекеним Кыргызстанды” колдойт

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын үгүт кербени өлкө боюнча сапарын улантууда. Бул партиядан Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн ат салышып жаткан талапкерлер жума соңунда Жалал-Абад облусунун Ноокен району менен Кочкор-Ата шаарындагы шайлоочулар менен жолугушту. Талапкерлер чогулган элге партиянын шайлоо алдындагы программасы, аймактагы социалдык маселелерди чечүү жолдору тууралуу айтып берди.

Депутаттыкка талапкер Кыянбек Сатыбалдиев сегиз айыл өкмөттү газдаштырууга жана ички-тышкы миграцияга байланыштуу маселелерди чечүүгө аракет кыларын айтты. Ал элдин ири шаарларга, башка өлкөлөргө иш издеп кетүүсүн токтотуу үчүн аймакта кичи ишканаларды ачып, токтоп калган ири ишканаларды кайра жандантуу зарылдыгына токтолду. Анын пикиринде, Майлуу-Суу лампа заводун калыбына келтирүү жана модернизациялоо эң натыйжалуу чечим болмок. Талапкер бул үчүн инвесторлорду тартууга аракет кыларын да кошумчалады.

Дагы бир талапкер Бактыбек Сыдыков партиянын программасындагы негизги тезистер менен тааныштырды. Шайлоочулар айрыкча Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын кыскартуу, аткаминерлердин катарын азайтуу, социалдык жактан аялуу катмарга жөлөк пул өлчөмүн көбөйтүү сыяктуу демилге-сунуштарды кубатташты.

Өлкөнүн өнүгүп-өсүүсүн жана балдарыңызга жаркын келечек кааласаңыз 4-октябрда 4-номердеги “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз.

“Мекеним Кыргызстан” ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости