www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргыз Республикасынын аймагына мамлекеттик чек арадан учак же транспорт менен өтүү үчүн иштелип чыккан алгоритм кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Алгоритмге ылайык, эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында бет кап тагынып, аралыкты сактоого тийиш. Ошондой эле алардын дене табы өлчөнөт жана анкета толтурулат.

Чет өлкөлөрдөн автотранспорт менен келген Кыргыз Республикасынын жарандарында эгер алдын ала алынган полимердик чынжырлуу реакция (ПЧР)-тесттин жыйынтыгы жок болсо, экспресс-тест/ПЧР-анализ алынат.  Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр андан ары маршрут боюнча жүрө алышат. Оорунун симптомдору бар жарандар обсервацияга алынат.

Ал эми өлкө аймагына учак аркылуу келген Кыргызстандын жарандары алгоритмде каралган бардык талаптарды сактоого тийиш жана илдеттин белгилери бар адамдардан ПЧР/экспресс-тест алынат. Анализдин жыйынтыгы чыкканча обсервацияда болот. Ал эми клиникалык белгилери жок жарандар 14 күн обочолонуу режимин сакташы зарыл.

Чет өлкөлөрдүн жарандары 72 саат ичинде чыккан ПЧР-анализдин жыйынтыгы менен гана Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө уруксат берилет.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү боюнча иштелип чыккан алгоритмдин аэропорт аркылуу учак менен келгендерге тийиштүү бөлүмү 10 күндөн кийин, ал эми чек арадан автотранспорт менен  өткөндөр үчүн 2020-жылдын 26-сентябрынан тарта күчүнө кирет.

Жыйындын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков бекитилген алгоритмди так аткаруу боюнча тармактык мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларды берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости