www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбековдун кезектеги маеги жарык көрдү. Анда өлкө башчыга "Шайлоо күнүнө бир жума убакыт калды, үгүт иштери кызуу жүрүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы, укук коргоо органдары коомчулукка мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтарды көбүрөөк берип, жалпысынан кырдаал мыйзам алкагында көзөмөлдө, ачыктык камсыздалууда десек болот. Ошентсе да коомчулукта айрым кооптонуулар да жок эмес. Басма сөздө да ар кандай эксперттик пикирлер, божомолдор орун алууда. Айрым өлкөлөр сыяктуу бизде да шайлоого даярдык дагы, анын жыйынтыктары да кырдаалды курчутчу фактор катары кабылданып калган, тилекке каршы. Мамлекет башчысы катары сиз кырдаалга кандай баа бересиз?" деген суроо берилген.

"Кооптонууларды мен туура түшүнөм. Сиз айткандай, ооба, тилекке каршы, биздин өлкөдөгү эки элдик толкундоонун негизги себеби мына ушул шайлоо болгон. Ал окуялар биринчи кезекте бизге, бийликтегилерге чоң сабак болуш керек. Ошондуктан шайлоонун ачык, адилеттүү, таза өтүшүнө биринчи кезекте мен, президент катары кызыкдармын. Ушуга зарыл болгон бардык иш-чараларды мыйзам алкагында тиешелүү органдар менен жасап жатабыз.

Укук коргоо органдарынын шайлоо учурунда өлкөдөгү тынчтыкты сактоо, чагымчылдыкка жол бербөө иштери өзгөчө көзөмөлдө турат. Шайлоону тынч, кыргызстандыктардын тынч жашоосун бузбай өткөрүү — бул менин президенттик негизги милдетим. Мени ар бир кыргызстандык колдойт деп ишенем. Ар бирибиз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Кыргызстандын өнүгүүсү, коомдун тынчтыгы — ар бирибиздин колубузда. Эч бир күч биздин мекенибизде кандайдыр бир эксперимент жүргүзүүгө акысы жок жана ага, буюрса, жол бербейбиз. Борбордук шайлоо комиссиясы, өкмөттө түзүлгөн Республикалык штаб, укук коргоо органдарынын да иши күчөтүлгөн тартипте болушу керек. Коомчулукка маалыматты өз учурунда берүү абдан маанилүү. Болбосо, имиш кептер, божомолдор да өзүңүз айткандай коомчулукту дүрбөлөңгө салып коёт. Ошондуктан маалыматты биз такай, өз учурунда берип турушубуз керек.

Мен буга чейин айткандай, ар кимибиз өз милдетибизди так аткарып, мыйзамдуулукту ар кимибиз сактасак эле шайлоо тынч өтөт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мекендештеримдин көңүлүн коронавирус илдетине буруп кетейин. Шайлоо менен алек болуп, азыр партиялар да, өкмөт дагы, албетте, бул саясий ишке алагды болушууда. Бирок санитардык-эпидемиологиялык нормаларды унутпашыбыз керек. Тилекке каршы, ооруну жуктургандар көбөйө баштады. Коңшу өлкөлөр, алыскы өлкөлөр тартип, эрежелерин катуулатып жатат. Ошондуктан биз дагы бет кап тагынуу, социалдык дистанцияны сактоо, көпчүлүк чогулган жерлерге барбоо сыяктуу элементардык эрежелерди унутпай, аларды бекем кармашыбыз керек.

Партияларды мурда да айттым эле, тилекке каршы, адамдарды көп топтоп үгүт ишин жүргүзүп жатышат. Өкмөттүн республикалык штабы, Борбордук шайлоо комиссиясы мындай көрүнүштөргө көз жумбашы керек. Мындай көрүнүштөргө өз убагында көңүл буруп, аларды эскертип турушу керек деп ойлойм. Ар бир мекендешимди өзүн-өзү коргоо чараларын сактоого чакырам. «Сактайм дегенди Кудай сактайт» деген сөз бар го, ар кимибиз биринчи өзүбүзгө, балдарыбызга, үй-бүлө мүчөлөрүнө, туугандарга жооптуубуз да. Ар кимибиз биринчи өзүбүз сактансак, ошондо жакындарды сактайбыз да. Ошол үчүн буга кайдыгер мамиле кылбай, жоопкерчилик менен мамиле кылышыбыз керек", - деп жооп берген өлкө башчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости