www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаада кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өткөрүлөрүн жана мелдештин жыйынтыгы менен Көчмөндөр оюндарына катыша турчулар аныкталарын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 1-2-март күндөрү борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтмөкчү. Анда республиканын ар тарабынан келген балбандар жети салмак категорияда (55, 60, 66, 74, 84, 96 жана +100 килограмм) күч сынашат.

Турнир спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча дирекция менен Кыргыз күрөш федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Эске сала кетсек, дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда үч ирет өткөн. Соңку ирет 2018-жылдын 2-8-сентябрында Ысык-Көлдө үчүнчү жолу уюштурулуп, кийинкисин өткөрүү милдетин Түркия алган. Мелдеш Бурса аймагында өтөт, бирок убактысы так айтыла элек.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарына кыргыз улуттук спортунун жети түрү киргизилген. Алар — көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөшү, ордо, тогуз коргоол, алыш бел боо күрөшү жана көчмөндөрдүн улуу күрөшү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости