www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы, Мукар Чолпонбаев кечээ, 17-февралда Ат-Башыдагы митинг тууралуу өзүнүн пикирин жазып чыкты.  

--Мен, Ат-Башы районуна, келип, логистикалык борбордун салынышына каршы митингге катыштым. Элдин пикирин жана каалоолорун угуп, бийликте олтургандын жалган айтып, эл бул логистикалык борборду каалап жатат дегендери туура эмес экендигине күбө болдум,  - деген пикир жарыялады.

Буга чейин белгилүү саясатчы Мукар Чолпонбаев, учурдагы бийликке оппозиция экендигин айткан эле.

Эске сала кетсек, кечээ 17-февралда Ат-Башы районунда болгон митингде жергиликтүү тургундар логистикалык борбордун курулушун кытайлык компаниялар жүргүзүшүнө каршы чыгышкан. Миттингге миңден ашуундар жарандар катышып, логистикалык борбор тууралуу ушул убакка чейин өкмөт бир дагы расмий документ көрсөтө албагандыгын айтып, логистикалык борборго берилген жер айыл өкмөттүн балансына кайтарып берүү керектигин билдирди. Жыйындын соңунда атайын резолюция кабыл алынган.

1.Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн 200 гектар жер аянтын Нарын СЭЗге берүү токтому жокко чыгарылсын:

2.Нарын СЭЗ менен “Нур Строй” курулуш фирмасынын ортосундагы келишим жараксыз деп табылсын:

3.Ат-Башы районуну аймагындагы болуучу жана ушул сыяктуу чоң кен-байлыктар элдик жыйында чечилсин:

4.Эл менен эсептешпей туруп, өзүм билемдик менен буйрук чыгарган Ак-Талааайыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Стамакуновго катуу эскертүү берилсин:

5.Бүгүн элдин алдына чыгып сүйлөгөн, атуулдарды укук коргоо органдары тарабынан коркутуп-үркүтүүала үчүн иштеген жолдошторун, уул-кыздарын туугандарын куугунтуктоо токтотулсун:

Ушул талаптар эки жуманын ичинде 2020-жылдын 1-мартына чейин аткарыбласа реалдуу кадамдарга барарыбызды эскертебиз. Бул кайрылуу талап, 2020-жылы 17-февралда кабыл алынды”, деп жазылган резолюцияда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости