www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөбөгөн айдоочулардын унаалары атайын токтотмо жайга алынып кете баштады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдады.

Маалыматка ылайык, 15-16-февраль күндөрү патрулдук милиция кызматкерлери атайын рейд кылып, анда 4 миң 122 жол эрежесин бузган учур катталган. Анын ичинен 297 унаа айып короосуна токтотулса, 80 айдоочу унааны мас абалда башкарып бара жаткан жеринен кармалган. Ал эми 26 айдоочу унаасынын терезесин караңгылатканы үчүн кармалса, 20 унаа атайын токтотмо жайга киргизилген.

Жол эрежесин бузган айдоочулар бир айдын ичинде айып пулун төлбөсө, унаалар атайы токтоочу жайга алынып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости