www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облустук ооруканасынын урология бөлүмүндө дарыланып жаткан бейтап, өзүнө бычак сайып көз жумду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-февралда болжол менен саат 12:36да Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Чүй облустук ооруканасынын урология бөлүмүндө жаткан 1974-жылы туулган Ш.Б., өз жанын кыйгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Шаардык милициянын маалыматына ылайык, окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу барып, эркек кишинин сөөгүн табышкан.
Аталган факт Свердлов районунун Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Булак: NazarNews.kg