www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда мигрант 2 айлык баласын Москванын метролорунун бирине, суукта карга таштап кеткен. Кийинчерээк ал табылып, Өзбекстандын жараны экендиги такталган.

Маалыматка караганда мигрант эне 29 жашта, эч жерде иштебейт. Эненин жана анын адвокатынын айтымында баланы акча тартыштыгынан улам карга таштап кеткен.

Адвокаты: «Каримова психологиялык оор абалда. Өзбекстандан Россияга иштегенге келген, бирок жигити менен жолугушуп жүрүп, боюнда болуп калган. Жигити аны таштап кеткендиктен, курулушта жана эки күн денесин сатып иштеген. Эне тапкан акчасынын баары лейкомия менен төрөлгөн баласына корогонун айтууда. Акыры айласы куруган эне баланы төрөт үйүнө, балдар үйүнө алып барып көргөн, бирок алар баланы кабыл алышпай койгон. Ошондуктан баланы көчөгө таштап салган",-деп айткан адвокат.

Россиянын тергөө комитети аялды суракка алганда ал бардык күнөөсүн моюнуна алган.

Ал эми күкүк эне: “Мен метро бекетине барып, баланы ошол жерге таштап кетүүнү чечтим”,-деген.

Мухаджан Каримова 12-апрелге чейин камакка алынып, “коркунучта калтыруу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал эми 2 айлык наристеден доктурлар эч кандай оору табышпагандыгын кабарлашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости