www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тымызын жаралган жүрүштөрдүн тамырын сыйпалап көргөндө гана ошол иштин өңүтүнө чалынасың. Анткени жөн эле жерден имиштер коомчулукка таратылбайт. Канча жымсалдашса деле акыры аныгына кечикпей эле жете турган күн келет. Анын сыңарындай муштумдай кара булут каптатышкан булактардын бир мандеми бар.
Маселен, көптөн бери жылмышпай, чабылбай кызматта келаткан бир киши бар Турусбек Коеналиев деген. Бул тың чыкманын колунан далай мен деген төбөлдөр чай ичкен. Кылт эткен нерсени илгиртпей баамдаган кишинин “арыгына” бирөөлөр киргилт сууну агызгысы келгени сезилип калды. Ошондуктан ак үй тарапка жел үйлөп, тигини кетирбесең болбой калды деген ишааратты түкшүмөлдөп койду да?
Бирок, президенттик маалымат кызматынан эч кандай иштен кетирүү планда жок деген жооп чыкты айнектей болуп. Мунун чындыгы канчалык көлөмдө экени жакында билинет. Кете турган киши сөзсүз түрдө түйүнчөгүн түйөөрү маалым.
Так что, Коеналиевдин мөөнөтү чегине жетип калды…
Булак: "Ачык сөз"