www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тилинде мөөрү бар беле?

Ак үйдүн эркеси болуп, болгондо да сотторду, прокурорлорду чүкөдөй калчаган Манас Арабаевдин “ишкердиги” боюнча жаңы “жомоктор” чаргытыла баштады. Өткөндө эле эч кандай илешкени жок экен деп аппак кылып жыйынтык чыгарганына эл ынанып калган эле. Көрсө мурдагы көмүскө иштерин таман алдына бастырып туруп, билермандарга көзүн кысып койгон турбайбы деген шек жаралды.

Дегеле  биздин системанын  жүгөнү жок жайдак жүргөнү тууралуу узун сабактар айтылат. Чын эле кечээ мындай деп, эртеси жок андай эмес экен деген кептерди жылжыткан “жыт” каяктан чыгаарына көзүбүз деле жетпей калды.

Анын үстүнө азыр маалыматты ар кандай түскө ыңгайлаштырып чагылдырган сайттар тукумдап кеткени да жанды жай алдырбай турат. Каалагандай калчаган, калпты чындай кубулткан булактар азайбай эле арбый турганы байкалып калды. Кесиби касапчы болгондор, бир иштин өтөлүнө чыгалбагандар деле сайт ачып урдурта баштады. Жакшыны оңколотуп, начарды өйдөлөтүп көрсөткөн эпчилдердин чилдирманы күкүктөй үн чыгарып турганы жакшылыктын жышааны эмес.

Буга Манастын мурдагы шаңга бөлөгөн “хорлору” түспөлдөшүп турганы өтө толкундаткан кези десек неге болбосун? Детективди көрсө “чыныгы каармандар”жасаарына эми ынанбаганда кантебиз? Бирок, капчыгы калың Арабаевдин отурган жерине куурай саялбайсыңар десек чычалашып кайда бармак эле?

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости