www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көгүлтүр отун же «көзүр король» не дейсиңден...

Узакпы же утурумдукпу, «эски континентте» көгүлтүр отунга болгон таңкыстык саясий аренада чыңалып турат. Ага кошул-ташыл болуп, сентябрдын аягында күч алган дефициттен газдын баасы кыска аралыкта эле он эсе көбөйүп кетти.

«Эмне үчүн мындай абалга кептелгенин териштиришибиз керек», - деп Франция, Испания, Чехия, Румыния, Грекия мамлекеттери чыкты. Көгүлтүр отунга болгон баанын тынымсыз өсүп бараткан багытын жумартыш керек экендиги айтылып, мунай маселесинде атайы эреже киргизи,п ага баарыбыз баш ийишибиз керек деген тариздеги чакырык болду.

Ал эми Польша президенти Анджей Дуда маселенин учугун Орусия тарапка буруп, кезинде көгүлтүр отун боюнча Орусиянын «Северный поток-2» газ кууру менен байланышкан долбоор стратегиялык жана жалпы эле трансатлантикалык коомчулук үчүн чоң ката болгонун, бул багытта Орусия көгүлтүр отунду Украина менен Словакияга эле эмес, жалпы Батыш мамлекеттерине да ошондой эле «мамиле» жасап коюу кокунучу бар экенин жана алар энергетикалык маселеде чегинен чыгып баратканы үчүн мындайда НАТО уюму кийлигишүүсү керек деп билдирди.

Орусия Мамлекеттик думасынын энергетика комитетинин башчысы Павел Завальный түзүлгөн абал үчүн Батыштын сергек ой жүгүртө албаган саясий чабалдыгы деп баалады. «Эгерде айтылган кемчиликтерин канчалык тез оңдосо, «Северный поток-2» ошончолук ишке тез киришет», - деп кошумчалады ал.

Ал учурда Сербия президенти Александр Вучич ЕС чындап эле газ таңкыстыгына кептелгенин, мындай кырдаалды жумшартууда Орусия мамлекетинин лидеринин мүмкүнчүлүгү жогору экенин жана Москва менен келишим маселесин жумшартууга аракет кылуу оюн айтып, «Путин азыр «королдой» эле, бааны көтөрөбү, азайтабы, баары өз колунда», - деди.

Орусиянын президенти Путин бүгүн РФ өкмүтүндө болгон жыйында ЕСтин Орусия тарапка багытталган пикирлерин «истерика» катары баалап, «Европадагы көгүлтүр отунга болуп жаткан башаламандык токтош үчүн алар кош стандарттуу саясий оюндарын да токтотуш керек», - деп айтып чыкты. Ошондой эле, андай катаны оңдоп кетүүгө Орусия тарапта чоң мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

Ошентип, ушул тапта «Чоң алтылык» «көзүр король» не дейсиң болуп турган чак. Кыргызстан болсо бул маселеде бирдеме деп деле айта албайт, себеби КРнын бүткүл газ тармагы 1 долларга сатылып кеткен.

Кенжебек Арыкбаев, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости