www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жоокерлерди мазактоо окуясы коомчулукка жарыяланган соң Чүйдөгү Кой-Таш аскер бөлүгүнүн командири Болот Көчкөнов кызматтан алынды. Анын иштен бошотулганы тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы "Азаттыкка" билдирди.

Андан тышкары, үч офицер кызматтан четтетилгени, иликтөө жүрүп жатканы кабарланды.

Буга чейин "Азаттыкка" Кой-Таш аскер бөлүгүнүн "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлердин ата-энелери арыз менен кайрылышкан. Алар жетекчилик быйыл жазында армияга чакырылган жигиттерди башка бирөөлөргө жалдап бергенин, кара жумушка салганын, ур-токмокко алып, мазактап-кордогонун жана уставга жат иштерге барганын билдиришкен.

Учурда жоокерлердин бири Бишкектеги республикалык психикалык саламаттык борборунда дарыланууда. Бишкек гарнизондук прокуратурасы окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси ("Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу") боюнча кылмыш ишин козгогон.

Эске сала кетсек, жоокерлер ушул жылдын 4-апрелинде аскер кызматын өтөөгө келишкен. Ал эми 5-майда жоокерлер ант берип, 7-майда аларды Ала-Тоо полигонуна алып келишкен.

"Командирлер жоокерлерди арык каздырып, тиричилик жумуштарын жасоого мажбурлашкан. Аскерлер ар кайсы жумушка жиберилип, жасаган иши үчүн командирлер иш берүүчүлөрдөн миң сомдон алып турушкан. Командирлер аларды мончонун курулушуна иштетип, катуу зым менен бутка чаап, сабап турушкан. Ошондой эле жоокерлердин биринин кулагына командири катуу уруп койгондуктан, анын кулагынан кан кетип токтобой, ата-энесин чакыртканга мажбур болгон", - деди Абдирасулова өзүнө келип түшкөн маалыматтардын негизинде.

Ал белгилегендей, жоокерлер бир ай бою ар кандай кыйынчылыктарды көрүшкөн.

"Командирлер жоокерлердин бутунун алдына ок атып, кыйын болсоңор качып кутулуп алгыла дешкен. Мындан улам бир аскер эс-учун билбей жыгылып, учурда психиатриялык ооруканада дарыланып жатат. Бул балдар бир айдан кийин гана Аскер прокуратурасына кайрылып, арыз жазышкан. Бул окуя 2 ай мурун болгон. Бирок жоокерлерди кыйнаган командирлер дагы эле жумуш ордунда иштеп жатышат. Ал эми жабырлануучулар дагы башка жакка которулбай кызматтарын өтөөдө.

Жетекчилик тараптан балдарга "силер саткынсыңар, силер жигит эмессиңер" деген коркутуулар болуп, мындан улам арыз жазган 6 баланын үчөө жазган арызынан баш тартууда. Республикалык психиатриялык ооруканада дарыланып жаткан жоокерге барганыбызда, биз менен сүйлөштүрбөй, тоскоолдуктарды жаратышты. Командири бизге "эми жигитчилик катары бир жолу жаакка чаап койсо, ушунча чуу кылып жатат. Бир эле күн иштетип койгонбуз, мончо бүтүп калса, кийин өздөрү деле түшүп турушат эле" дейт. Ал жерге ата-эне баласын мекенин коргосун деп жиберсе, булардын кылганы ушул",-деди "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости