www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Facebook социалдык тармагында Бурулайдын денесинде «Н+Б=Х» деген жазуулары көрүнгөн сүрөт жарыяланды. Милиция буга чейин Бурулайдын денесинде эч кандай тамгалар жок экендигин билдирип, ал дефибриллятордун тактары экендигин маалымдаган.
Буга чейин 19 жаштагы Бурулай Турдалиеваны 2018-жылдын май айынын аягында Жайыл РИИБдин имаратында аны ала качып бара жаткан жеринен кармалган жигит өлтүргөн. Кыздын атасы Бурулайдын денесинде тамгалар жазылганын айткан. Бирок, милиция аны четке каккан болчу. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында дагы бул дефибриллятордун тактары экендиги жазылган. «Бурулайды акыркы сапарга узатаар күнү журналисттердин бири анын денесин сүрөткө тартып алууну өтүнгөн. Эми бул жалгыз сүрөт Бурулайды ала качкан жигит аны Жайыл РИИБдин имаратында кыйнап өлтүрүлгөндүгүнүн далили. Сүрөттөгү дене Бурулайдыкы экенин анын атасы далилдеп бере алат», - деп жазат сүрөттү жарыялаган колдонуучу Marat Erkin.
Эске сала кетсек, Бурулайдын өлүмү боюнча экинчи жолу түзүлгөн комиссиялык соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бирок маркумдун атасы Турдалы Кожоналиев аны менен макул болгон жок.
Чүй ОИИБдин маалымат кызматы экспертизанын жыйынтыгы чыкканын тастыктап, бирок корутунду менен толук тааныша электигине байланыштуу так маалыматты кийинчерээк берерин айтты.
Ал эми Кожоналиевге эксперттер мурункудай эле кыздын денесинде эч кандай жазуу болбогонун айтышкан.
«Комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дагы кызымдын денесиндеги жазууну жокко чыгарды. Эксперттер мурункудай эле сөөктө мындай жазуу болбогонун, бир гана сол көкүрөгүндө жандандыруу учурунда колдонулган дефибриллятордун изи калган деген жыйынтык чыгарып коюшуптур. Бул жерде эксперттер милицияны колдоп жатат. Чындык издеп чарчадым. Сүрөттө «н», «+» деген жазуулар даана көрүнүп турбайбы же аны мен өзүм тартып койдумбу? Үтүктүн изи кантип эле ушундай болсун. Ошол күнү милиция бөлүмүндөгү видеокамерадагы видеолор дагы жок, өчүп калыптыр. Кантип эле? Экспертизанын жыйынтыгына «макул эмесмин» деп кол коюп бердим. Акыйкат жок. Кайда, кимге кайрыларымды билбей калдым», — деген Кожоналиев.
Булак: NazarNews.kg