www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум улантылды.

Адвокат Сергей Слесарев журналисттерге президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун айыптоо актысын прокурорлор окуп бергенин билдирди.

Адвокаттын айтымы боюнча, тергөө тарабынан чындыкка коошпогон айып тагылган.

“Өзгөчө атайын күчтөрдүн мажбурлап алып келүүсү айтылат. Бирок “Альфа” тергөө органдарына тиешелүү эмес. Алар террористтерди кармоо үчүн атайын операцияларды жүргүзүшөт. Аларда кылмыш ишинде жок болгон атайын жобо бар” – деп билдирди адвокат Сергей Слесарев.

Ал ошондой эле, иштин материалында тополоң уюштурулгандыгы көрсөтүлгөнүн, бирок ага ким түрткү болгону айтылган эместигин кошумчалады.

“Кылмыш ишинде айыпталуучулар Кылмыш-жаза кодексинде камтылган айрым аракеттерди жасагандыгы көрсөтүлөт. Чындыгында, ошол эле депутаттар, тескерисинче, атайын багыттагы кызматкерлерге ачууланган эл аларды сабап койбосун деп, үйдөн чыгып кетүүгө жардам берген. Айыпталып жаткан адамдар  “альфачыларды” куткарышкан, а аларга барымтага алышкан деп айып тагылып жатат” – деп кошумчалады адвокат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости