www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов бүгүн, 6-апрелде Бишкекке учуп келди. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

“Ал бүгүн Бишкекке келди. Абалы жакшы эле. Учурда ИИМдин госпиталында”, - деди Каратаев.

Мурдагы маалыматтарда Курманкулов Екатеринбургдан учуп келери туурасында айтылган. Ал бир нече күн мурда Москвада дарыланып жаткан ооруканадан чыккан.

Эске сала кетсек, Самат Курманкулов Кой-Ташта 2019-жылдын 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жарадар болгон. Бир нече күн бою комада жатып, 11-августта Орусиядан келген дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин 12-августта Москвага которулган. Бишкекте ага эки жолу операция жасалган.

Кийин ИИМ жетекчиси Москвага барып, Самат Курманкуловго ыйгарылган "Эрдик" медалын тапшырып кайткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости