www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын Роман-сюр-Изер шаарында жашаган 33 жаштагы тургун коронавирус менен ооруганын себеп кылып, көчөдөгү элге бычак менен кол салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсыктан эки адам каза болду. Элге кол салган адамдын Судандан качып келгендиги аныкталган. Ал көчөдөн бычак менен элге кол салып жаткан жеринен полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Сурак учурунда судандык адам коронавирус эпидемиясынан улам киргизилген карантинден тынчы кетип, качан, кимге кол салганын билбей калгандыгын айткан.

Кол салуудан эки киши каза болуп, бешөө ар кандай жаракат алган. Полиция кызматкерлери кылмышка шектүүнүн кошуналарын суракка алып, иликтөөгө террорчулукка каршы прокуратура аралашкан.

Айыпталуучунун батиринен "Франция динсиз адамдардын өлкөсү" деген жазуулар табылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости