www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 6-апрелде КРнын Жогорку Кеңешинин V чакырылышындагы депутаты Турат Мадылбеков NazarNews маалымат агенттигине Кыргызстандагы азыркы абал тууралуу маек курду.
--Саламатсызбы? Сиз буга чейин өлкөбүздө болуп өткөн кырдаалдарда комендант болгон экенсиз, өз тажрыйбаңыздан бөлүшө кетсеңиз.
--Саламатчылык. Рахмат. Мен оюмду эки бөлүп айтын. Укук коргоо органында 30 жылдан ашык иштедим. 90 жылдардагы кырдаалда коменданттык саатка катышып, башыбыздан өткөргөнбүз. Андан кийин 2010-жылкы революциядан кийин Бишкек шаарында комендант болгом. Ошондогу өзүмдүн тажрыйбамдан бөлүшөйүн. Мурунку коменданттык саат менен азыркы коменданттык сааттын айрымасы асман менен жердей. Себеби, мурда башаламандык, тартип маселесин токтотуу боюнча болсо, ал эми азыр пандемиянын жайылышын токтотуу үчүн бир топ коменданттык сааттар, ошол эле учурда Бишкек шаарында да пайда болду. Алардын негизги максаты, тартипти сактап ооруну жуктурбоо. Ошондуктан Бишкек шаарынын комендантты Орозалиевди борбордо жашаган жарандар, дагы башка жерде карантин жарыяланса, эл угуп, үйүндө олтуруп берсе эң чоң жардам болот деп ойлойм. Элди өкмөттү угууга жана үйдөн чыкпай, элге жардам берүүгө чакырып кетет элем.
--Кыргызстанда ооруну алдын алууга иштер өз учурунда жүргүзүлдү деп ойлойсузбу?
--Бүгүнкү күндө оору эмне үчүн 130дан ашып кетти. Кечээ жакында президент Сооронбай Жээнбеков чиновниктердин жоопкерчилигин карады. Коронавирус жаңы жылдын алдында эле бүт дүйнө жүзүнө белгилүү болгон. Бир катар өлкөлөргө январь айында жугуштуу болуп, бизде январдын аягында Коопсуздук Кеңешинде каралып, тапшырма берилген. Мына ошол биздин эл өкүлдөрдүн шалаакылыгынын негизинде, бир эле вице-премьер министр же Саламаттык сактоо министри эмес, башка чиновниктерден да катачылыктар кеткени бүгүнкү күндө көрүнүп турат. Коопсуздук Кеңешинде айтылгандан кийин алдын ала кандай чараларды көрүш керектигин, баары чогулуп алып сүйлөшүшү керек болчу. Бул иретте иштер жүрбөгөнү байкалып эле турат. Бир эле мисалды айтып берейин, президент эки чоң чиновникке чара көрбөдүбү, андан башка дагы чиновниктер калды. Алсак, дин комиссиясы муфтият менен чогу биргеликте иштеп, Араб мамлекетине, Умрага барганга барын токтотушу керек эле. Ушул иштердин бары жүрбөгөндүктөн бүгүнкү абалыбыз ушундай. Бул биринчи этаптагы кетирилген чоң кечирилгис кемчилдиктер деп айтам.
Экинчи кемчилдик, сырттан келген жарандардын температурасын текшерип, үй камагында олтургула деп жөн эле айтып койгондугун чоң катачылык деп эсептейм. Вирус барбы, жокпу аларды жок дегенде 14 абсорбцияга жаткырып, андан кийин 15 күн үй карантинге коюш керек эле. Көп маселени өзүбүз сактап калмакпыз, бүгүнкүдөй жайылмак эмес. Өзүбүздүн башыбызга өзүбүз жүк үйүп алдык. Азыр карантинге алынгандардын анализдери баары таза чыккандан кийин гана элге кошулушу керек.
--Коронавирустун жайылып кетпеши үчүн жолдор жабылып, тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Дагы башка механизмдерди иштеп чыкса болот беле?
--Бүгүнкү күндө биздин алган маалыматтарда, коронавирус оорусу менен ооругандардын көпчүлүгү Жалал-Абад облусунда, ошол жактан ооруну жуктуруп алам деп коркуп Чүй облусуна, Бишкекке кирип келип аткандарды көзөмөлдөө зарыл. Андан тышкары, региондордогу коменданттар менен сүйлөшүп, посторду күчөтүлгөн тартипте бекитип, Бишкек шаарына эмне максатта келе жатканын дыкаттык менен текшериши керек. Жашынып кирип аткандарды биз билбейбиз да. Бул жагынан биз аныктап, тактаган менен, экинчи жагынан кирип келип атканы негизинен туура эмес. Комендант элге толук маалыматты берип турушу шарт. Экинчи категориядагы изделип жаткан жарандар тууралуу маалымат берсе, эл уккан-көргөнүн штабка жеткирип турса, аларды коомдун ичинен батыраак таап, изоляцияга алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт эле.
А.Орозалиев ушул тараптан эл менен биргеликте иштесе, эл дагы жашырбай болгон маалыматтарды берип турушат деп ойлойм.
Булак:NazarNews.kg