www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин четиндеги Рухий Мурас жаңы конушунда дыйкандарды жазгы талаа жумуштарына алып бара турган жолду жаап салышты. Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, аталган жол дыйкандардын талаа иштерине бара турган жалгыз жол. Аталган жол менен Ала Тоо айылына жана Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка жана башка айылдарга барат.

“Рухий Мурастын жанындагы жолду МАИ кызматкерлери каздыртып жаап салышты. Дыйкандар шаарга коронавирус жугузат дейби же башка себептен уламбы, ушинтип ээн талаадагы жолду эки жеринен аң кылып, казып кетишти. Эми дыйкандар айдай турган жерлерин айдай албай, үрөндөрүн себе албай мага кайрылышты. Ошол жердеги МАИ кызматкерлеринин бири, өзүн капитан Сарманбетов деп таныштырган жигит үстүдөн, башкача айтканда Штабдан буйрук түшкөнүн, алар жөн эле буйрукту аткарып жатышканын айтты”,-дейт тарыхчы.

Ошондой эле, Кыяс Молдокасымов биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун жана Айыл чарба министри Эркинбек Чодуевдин айткан сөздөрүнүн жыйынтыгы чыкпаганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg​​​​​​​

Последние новости