www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын материалдык резервдер фонду тарабынан берилген ундун ичинен майда курттар чыккандыгы тууралуу видео-тасма жарыяланды. Анда, 1-сорттогу ун деп жазылганы менен башка сорт деп  айтканын видео-тасмадан угууга болот.

Эске сала кетсек, 2-апрелде Кыргыз Өкмөтүнүн сайтында: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн ун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратуу үчүн өлкө аймактарына жеткирилип, таратылууда. Биринчилерден болуп Жалал-Абад облусунун Сузак районуна, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Ош шаарына  жеткирилди. 

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн 790 тонна унду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги облустардагы кампаларга жеткирди.

2020-жылдын 2-апрелине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн Бишкек шаарынын мэриясына 257 тонна, Ош облусуна 205 тонна, Жалал-Абад облусуна 250 тонна жана Ысык-Көл облусуна 80 тонна ун берилди.

Мындан тышкары Мамлекеттик материалдык резервдер фонду күнүнө 200 тоннага жакын унды аймактарга жөнөтүп турмакчы. Бул үчүн фонддун капмаларында буудай жана ун жетиштүү көлөмдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан бөлүнгөн ун атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин  негизинде жардамга чындыгында муктаж болгон калктын аярлуу катмарына таратылып жатат. Ал эми бөлүштүрүү аракети өзгөчө абалдын талабын сактоо менен жүргүзүлүүдө", -деп жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости