www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратура 7-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Эске сала кетсек кечээ, 7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция жүрүп жыйынтыгында 40 тан ашуун жаран жаракат алып, бир адам каза таап, милиция кызматкери оор абалда.
УКМК ага чейин Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастап,
«УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Учурда операция уланып жатат», - деп жарыя кылды.
Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратуу үчүн массалык башаламандык уюштургандарга Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү", "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" жана "Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Атамбаевдин тарапташтарынын УКМКнын кызматкерлерин туткунга алышы да Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси ("Туткунга алуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин тизмесинен орун алды.
Айрым маалыматтарга таянсак, Атамбаевдин хансарайында курал бар экени айтылууда.
Эске сала кетсек, ИИМ Атамбаевди 8-июлдан бери Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу үч жолу күбө катары суракка чакырган. Атамбаев суракка баруудан баш тарткан.
27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган.
Булак: NazarNews.kg