www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир учурда казактын Кененсары ханы кыргызды чаап алмай тургай өзү жан-алакетке түшүп калат. Өзүнүн мыкты чыкма иниси Ноорузбай экөө колго түшүп жаткан мезгилде, кыргыз жакшылары чогулуп, кээ бири: «Казак-кыргыз бир тууган эл элек. Кенесары туура эмес иш кылды, эки элди чабыштырып, ошондо да тукуму хан, башын аман коюп, экөөнө эки кыз тартуулап, ат мингизип жөнөтпөйлүбү. Эки элдин ынтымагы үчүн» -дешет. «Эртең кол курап келип кайра чабышса кантебиз?» -дешкендер да болуптур. Ошондо экөөнө эки кой союп, эки койдун башын тартып көргүлө, кандай жейт экен көрөлү деген тыянакка келишет.

Кенесары хан баштын бир кулагын кесип таштабастан, мурдун жана кежигесин кесип туруп ооз да тийбей таштап койот. Ноорузбай баштын бир көзүн ыргытып, бир кулагын кесип туруп ооз тийбей жылдырып койот. Башты көргөн мыктылар терең ойго батышат: «Аттиң болбой калды, булардын ичинде кетпес кеги калыптыр» -дешет. Ойлонуп отурушуп мындай сыр жатканын туюшат: «Кенесары, аман болсом мурдуңарды кесип, кежигеңерди тилем десе, Ноорузбай болсо кокус мен тирүү калсам көзүңөрдү оюп, кулагыңарды кесермин деп белги бериптир. Биз кечиришели дегенибиз менен булар болчудай эмес»-дешип экөөнүн тең башын алдырышат. Бул кайгылуу бирок болгон окуя. Кенесары, Ноорузбайдын баштары баштын жегени боюнча алыныптыр. Башка байланыштуу мындай уламыштар көп.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости