www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналып жыл сайын өтүүчү улуттук көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш 3-ноябрга белгиленди. Бул тууралуу Улуттук көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Кубат Аскарбеков ЖМКларга билдирди.

Турнир Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт. Буга чейин федерацияда онлайн-жыйын өтүп, анда мелдешти ноябрь айында өткөрүү боюнча сунуш каралган.

"Биз мелдешти өткөрүү боюнча Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясына сунуштаганбыз. Мамагенттик, президенттик аппарат жана биздин федерация биргеликте ушул күнгө токтолдук", — деди Кубат Аскарбеков.

Катышуучу командаларды каттоо 20-октябрга чейин жүрөт. 2-ноябрда чүчү кулак тартылып, эртеси күнү мелдеш башталат.

Эске салсак, өткөн жылы Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандагы мелдеште "Достук" (Ош) менен "Ынтымак" (Талас) командалары финалга чыгып, 3:2 эсебинде Оштун командасы жеңишти илип кеткен.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости