www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңыдан шайланган депутатка көп адам менен тааныш болсо ашыктык кылбайт. Таанышууга эң ыңгайлуу жер сауна. Саунадан министрлер менен таанышса болот. Ак үйдүн туалетине барып чиновниктери менен, буфетке кирип журналисттер менен таанышса пайдасы эле тийет. Ал эми өкмөттүн алкы бузуктары менен жетинчи кабатка чыгып таанышкан наристе депутат, кийин соң кызмат тепкичинен көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Жетинчи кабат менен капчыгыңды калыңдап таанышсаң жок дегенде министр болосуң.

Депутатка талапкер эл менен жолугушканда жылаң баш болгону жакшы. Депутатка талапкердин организми өзүнө керектүү нормалдуу температураны али начар кабыл алат.

  Дал ошондуктан эл менен жолукканда температураны 18-20 градус болушуна көз салыш керек. Депутатка талапкердин үшүшүнө жана ысып кетишине жол бербөө зарыл. Кокустан депутатка талапкер суукка урунса мурдунан суу куюлуп элге шылдың болот. Ал эми ысып кетсе да эң зыяндуу: эти ысып температурасы көтөрүлүшү мүмкүн, көп тоюп алса, аягы ичи өтүп айласын алты кетирет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости