www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Кечеде жаңы жол 10-15 күндө толугу менен салынып бүтөт

Кара-Кече көмүр кениндеги жаңы курула турчу айланма жолдун узундугу 3 километр 2 метр болот. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кара-Кечеде жаңы жолду салуу иши күндүз гана жүргөндүктөн ишти күчөтүү үчүн күнү-түнү да иштөөсү тууралуу сүйлөшүүлөр болду. Мурда бир аптада салынып бүтөт деген божомол болуп, бирок азыр деле тоодон таштар токтобой түшүп жаткандыктан жаңы жол 10-15 күндө толугу менен салынып бүтүүсү күтүлүүдө.

Жаңы салынып жаткан жол тоонун боору менен 3 километр 200 метрди түзөт. Адистердин айтымында, жол кенен болот, ичке жагы 6 метр, кенен жагы 8 метрди түзөт. Дагы чоң таштар түшүүсү мүмкүн деген коркунучтар бар. Бүгүнкү күндө үч техника иштеп жатат. Төрт тонна солярка келди. Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан дагы эки экскаватор келери күтүлүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эске сала кетсек, 14-15-сентябрь күндөрү Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинде жер көчү жүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости