www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда рейддик иш чаралар уланууда. Жергиликтүү бийлик, санэпид көзөмөлдөө борбору жана ветеринария кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн рейддин негизинде коомдук транспорттор, тамактануучу жана эт сатуучу жайлардын санитардык абалы текшерүүгө алынды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилгенине карабастан бир катар коомдук тамактануучу жайларда санитардык талаптар аткарылбагандыктан, талапка жооп бербеген коомдук тамактануучу жайлар жабылды.

Рейддин жыйынтыгында жалпысынан 14 протокол түзүлүп, 50 миң сом айып пул салынды. Мындай рейддик иш чаралар күн сайын жер-жерлерде уюштурулуп, көзөмөл күчөтүлүүдө.

Последние новости