www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сасык тумоого каршы бекер эмдөө тобокелчилик тобуна кирген адамдардын 13 пайызын гана камтыйт. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда айтты.

Билдирүүдө Акматова119 663 миң дозадагы биринчи партия региондорго жиберилгенин эскертти. 16-сентябрдан тарта Бишкек менен Чүй облусунда эмдөө башталды. Вакцинация үй-бүлөлүк борборлордо жасалууда. Ошондой эле мобилдик бригадалар дагы тартылды.

Вакцина өнөкөт оорулары барларга, жашы 65тен өткөндөргө жана карылар үйүндөгүлөргө биринчи кезекте сайыла тургандыгы кошумчаланды.

Маалыматта айтылгандай, вакцинанын экинчи партиясы 21-сентябрдан кийин, үчүнчүсү 27-октябрдан кийин алып келинет.

Быйыл эмдөө сентябрь айында эле башталды. Себеби бийлик коронавирустун экинчи толкуну башталып калса, жарандарга оор болуп калышы ыктымалдыгын эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости