www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште КРнын экс-президенттеринин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Анда экс-президенттин укугу Жогорку Кеңештин депутаттарынын укуктары менен теңдештирилген. Демек оор кылмышка барганы аныкталган учурда экс-президенттин кол тийбестигин алуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгүнүн колдоосу менен ишке ашырылат.
Мыйзам долбоорлорун Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев иштеп чыгышкан. Мындай талаш-тартыш жараткан мыйзам долбоору коомдо кызуу талкууланып жатат. Бул жагдай боюнча Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагьшбаев: «Бул маселени дагы кошумча карал чыгуу зарыл. Демилгени жалпы эл талкуулаганы туура. Чечимди 120 депутат же президент эле чечип койбошу керек. Балким референдумда чечилиши зарыл» - деп билдирди.
Булак: "Фабула"