www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик кирешелүү ишкана катары таанымал «МегаКом» компаниясынын директору Азат Базаркуловдун маянасы 700-800 миң сом экен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов парламентге айтты. Ошондо Базаркуловдун бир жылдык айлыга баш-аягы 10 миллион сомго барабар болот. Эмгек өргүүсүнө алчу каражатты кошкондо андан дагы ашат. Бизде өмүр бою иштеген академик, профессорлор бар. Алардын айлыгы 10-15 миңден ашпайт. Күнү-түнү иштеген дарыгерлерибиз, мугалимдерибиз 7-8 миң сом алат. Ошондо мугалим, врач, маданият кызматкерлеринин бир жылдык айлыгы эң кыйын болсо 100 миңге араң жетет. Ошондо Базаркуловдун бир жылдык айлыгын иштеп
табыш үчүн 100 жыл иштөөгө туура келет экен. Ушул дагы калыстыкпы? Айлыктан тышкары кымтымайларга жол берилсе, Азат мырзанын алкымы кернейдей эле болсо керек. Мына «Кыргызтелеком” банкроттук алдында турат, жетекчиси 100 миң сом айлык коюп алыптыр. Анан кантип өнүкмөк элек...
Булак: "Фабула"