www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда авиакомпаниялардын ички каттамдарына тейлөөсүнө нааразылык оголе көп. Бирок ал көйгөй көбүнчө ачыкка чыга бербейт.

Канткен күндө дагы АВИА каттамдар ат көтөргүс кызмат кылбаса дагы, аба жүргүнчүлөрүн эптеп-септеп тейлеп келе жатышат, ал турган кеп.

Эми расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда жалпы 22 авиакомпания каттоодон өткөн болсо Кыргызстандын карамагында араң 1 даана самолету бар. Ал учагы дагы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун кийгилишүүсү менен досу, Эмир Чукуевге жан тартып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кийгилишүүсү менен “Манас” аэропортунун карамагына энчиленип берилген.

Айрым маалыматтарга таянсак, Казакстан эгемендүүлүк алгандан бери - 30 учак, Өзбекстан – 30, Тажикстан тарап - 10 учак сатып алса, Түркменистан тарап жаңы заманбап аэропорт курууга жетишса, Кыргыз өкмөтү бир дагы жаңы учак сатып ала элек. Ал эми жаңы учактын баасына токтоло кетсек - 80 млн АКШ долларын чапчыса, колдонулган учактар, көлөмүнө карап 3 млн доллардан жогору турат.

Кечээ, 31-майда Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрү “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын бүгүнкү абалын айтып маселе көтөрүштү. Тилекке каршы ошол эле депутаттар, жанындагы олтурган кесиптешине түз суроо бере алышкан жок. Алсак, “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясы ким тарабынан кантип “банкротко” учурап калгандыгын билсе да билмексен болуп эл өкүлдөрү тымпыйып олтуруп беришти.

Эми билбегендердин эсине салып койсок. КСДПнын депутаты Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңеште спикер болуп турганда, Түркияга тийешелүү “Pegasus Airlines” компаниясын киргизип, жыйынтыгында атаандаштарына туруштук бере албаган бир нече компаниялар жокко чыкан. Алгач аталган компания аба жүргүнчүлөрүнүн катамдары эң арзан баада болот деп элди көз боёмочулукка салган. Учурда жаман үйдүн коногу бийлейт болуп, төр тарапты ээлеп алган “Pegasus Airlines” компаниясы каалаганын калчап, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип келүүдө.

Учурда аталган бул компания эч ким менен эсептешпей туруп, авиабилеттерге өзү каалаган баасын коё алат. Жыйынтыгында бул компаниядан эч кандай “шабашка” кыла баштаган “Манас” аэропортунун көзүрү Эмир Чукуев ар бир жүргүнчүдөн бир авиабилетке 15 АКШ доллардан бааны кошуп койгон. Эмир мырза бул көрүнуш менен калктын чөнтөгүн кагып келет. Эсептек көрсөк бул акча15 доллар деп айтылганы менен бир жылда 2 млрд сомду чапчыйт.

Ушул эле депутаттар Кыргызстандын келечегин ойлосо бул асмандан төгүлгөн акчанын эсебин таап, агроном кесиптин ээси Эмир Чукуевдин маселесин көтөрүп, “чукулап” чыгып, дыкаттык менен депутаттар иликтеп чыгышы керек.

Чын-чынына келгенде акыркы 6 жылда ар кайсы тармактарда “тааныш-билиш, жатыш-чыгыш” болуп атып, кесипкөй адистер четте калды. Демек мындай баш-аламандыктын кутулуу үчүн, мыкты адистерди тандай албаган шалаакы Өкмөттү жана “досум-дозум” дей берген Алмазбек Атамбаевди кошо жоопко тартуу керек. Анткени акыркы 6 жылда Кыргызстанжын карызын белчесинен ашырып, кекиртегине жеткирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости