www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту парламенттин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго карата чыккан өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

"Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган" деп айыпталган Самаковду былтыр 19-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка шериктеш болуу”, “Коррупция” беренелеринин негизинде 10 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган болчу. Аны менен кошо уулу жана төрт санаалашы сегиз жылга кесилген. Бул кылмыш иши боюнча экс-премьер-министр, депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдерге айыппул салынган.

Самаков 2015-жылдан бери үй камагында жатканын эске алып жана мунапыстарга ылайык абак мөөнөтү үч жылга чейин кыскартылып, натыйжада ал сот залынан камакка алынган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости