www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түп районунун тургуну 78 жаштагы апасын зордуктоого аракет кылган 30 жаштагы таанышын өлтүрө сабап салды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-октябрда Түп РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө айылдардын биринде жергиликтүү тургун улгайган аялды зордуктоого аракет кылгандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Аталган маалымат боюнча окуя болгон жерге райондук милициянын тергөө-оперативдүү тобу барган. Күбөлөрдү суроо учурунда ошол эле күнү саат 19:00 чамасында 30 жаштагы тургун мас абалында таанышынын үйүнө кирип, анда 78 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылгандыгын айтышкан. Коркуп кеткен аял кыйкырып жардамга чакырган. Апасынын кыйкырганын уккан 30 жаштагы баласы чуркап келип, мас абалдагы тургунду күч менен короого алып чыгып, катуу сабап салган. Жаңжал болуп жаткан жерге кошуналары аймактык милиционерди чакырышкан. Мындан кийин райондук милицияга жана ооруканага билдирүү беришкен.

Денесине оор жаракат алган жаш жигит райондук ооруканага жеткирилип, эс-учуна келбестен көз жумган. Анын денесине оор жаракат келтирген шектүү дагы ооруканага жеткирилип, күнөөсүн мойнуна алган.Ал эми зордуктоого аракет кылуу фактысы Тоң РИИБ тарабынан каттоого алынып, денеге оор залал келтирүү фактысы боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 104-берененин 4-бөлүмү (жабырлануучунун денесине өлүмгө алып келүүчү оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: "Турмуш"

Последние новости