www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн мыкты улан-кыздары кайда? Алар эмне үчүн учурдагы кырдаалга байкоо салып, жердеши Садыр Жапаровдун таламын талашышпайт? Макул, бийликтен коркуп ар кимиси ар кайсыл тешикте жашынып жатсын дейли. Жок дегенде Жапаровдун үй-бүлөөсүнө колдоо көрсөтүп коюшпайбы.

Ысык-Көлдөн кандай гана залкар адамдар чыккан. Академиктер, профессорлор, олуялар, көрөгөч акелер чыккан. А азырчы, азыр төбөсү көрүнгөн ким бар, сөзү өтүмдүү ким бар? Жапаров камалып жатса калыс пикирин айта албаган карыяларына не дейбиз? Мейли Жапаров күнөлүү болсун дейли, бирок жердеш катары тилектештик билдире турчу көлдүктөр жокпу?

Көлдүктөрдүн ынтымаксыздыгынан, бири-бирин көралбаган, кайдыгер сапаттарынан улам, өкмөттүн курамында акыркы жети жылдан бери эч бир көлдүк жок. Жаштарды колдоо деген жок. Биримдик жок, анан сүйлөшсө асмандын башын сүйлөшөт. Кыскасы аман болгула көлдүн төбөсү көрүнгөн азаматтары...

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости