www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдө жылкы өстүрүү жана ат спортунун түрлөрүн өнүктүрүү тууралуу токтомго кол койду.

Документке ылайык, Кашкадарья облусунда улуттук «Өзбекмунайгаз» компаниясынын колдоосу менен жыл соңуна чейин Карабаир тукумундагы жылкыларды өстүрүү жана көбөйтүү боюнча комплекс курулат. Андан сырткары Ташкент облусунда асыл тукум жылкыларды өстүрүү боюнча эки жылкы заводу ачылат. Ошондой эле өлкөдө ат спорту боюнча машыктыруучулардын, калыстардын жана ветеринарлардын республикалык мектебин түзүү пландалууда.

Президенттин токтомунда өлкөдө Ахалтеке жана Карабаир жылкы тукумдарын өстүрүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын изилдөө менен асыл тукум, спорттук жана кызматтык жылкыларды өстүрүүгө, ат спортунун калктын кеңири катмарында, өзгөчө жаштар арасындагы популярдуулугун арттырууга жооп бере турган бирдиктүү түзүм түзүү тууралуу айтылат.

Өкмөт августтун ортосуна чейин өлкөдө жылкы өстүрүү тармагын жана ат спортун түрлөрүн комплекстүү түрдө өнүктүрүү боюнча 2021-жылга чейинки чаралардын долбоорун иштеп чыгышы керек.

Мартта Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапары менен алгачкы жолу Түркмөнстанга барып келген. Анда түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Мирзиёевге Ахалтек асыл тукум жылкысын белек кылган.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости