www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын кире беришиндеги май куйуучу бекеттин жанындагы газ баллон сатуучу жерде чоң жарылуу болуп кечки саат 17,15те чоң кырсык катталды.

Эң өкүнчтүүсү эки адамдын өмүрү кыйылды. Дагы алты адамдын денелери 80,90 пайызы күйүп кеткен. Төртөөнүн акыбалы өтө оор дешет. Каза болгон эки адам ата-бала деп жатышат. Алар чоң автоунаанын ичинде тирүүлөй өрттөнүп кетишкен. Кичине бала болгону үч, төрт жаш болуш керек деген маалымат бар.

Айыл элинин билдирүүсүндө газ саткан жерде техникалык коопсуздук эрежелер сакталбай ширетүү (сварка) иштери жүргүзүлүп жаткан дешет. Кудайым сактай көр техникалык коопсуздук эрежелер сакталса экен мындан ары.

Мындай маалыматты жергиликтүү журналист Эдил Мелисбеков Фейсбук баракчасына жарыя кылды. 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости