www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков түз эфирде Жалал-Абад облусунун жана анын ичинде өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча  сутка ичиндеги кылмыш окуяларга жана комендаттык сааттын эрежелерин бузгандар боюнча төмөнкүлөргө токтолуп маалымат берди: 

"Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду.

2020-жылдын 25-апрелинен 26-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында  баары болуп – 22/21 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 5 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.  

Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 2306 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Сузак районунан – 6 атуул ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 62 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 74 автоунаа айып аянтчасына коюлган",-деди комендант. 

Ошондой эле брифингдин аягында жергиликтүү тургундарга кайрылуу жасап, тартипти сактоого чакырды.

 “Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип мыйзам  жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактоого чакырамын. Учурда социалдык маселелерге көңүл бурулуп, мамлекет жана жеке инсандар тарабынан да жардамдар берилип жатат, буйруса ар бириңиздерге кол сунуу аракетиндебиз, белгилеп айтып кетеер элем - " Азга - канаат, барга - шүгүр, жокко - сабыр" кылсак бул илдетти жеңебиз",-дейт Жеңиш Жоробеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости